Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү

Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү. 39 жаштагы Синтия Араужо менен 45 жаштагы Тимо Арнштадтом социалдык тармак аркылуу кокустан таанышып калышкан.   Алар алгачкы таанышууда эле тил табышып, сүйлөшүү 2 саатка созулган. бири-бирин жакшы көрүп калгандыктан 24 саат бою камераларын өчүрүшкөн… Кененирээк…

Бир жумадан кийин Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайлары акысыз болот

Бир жумадан кийин Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайлары акысыз болот. Бирок эс алуу жана майрам күндөрү гана. Бул тууралуу мэриядан эске салышты.   Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта шаардык карамагына кирген парковкаларда ишемби, жекшемби күндөрү жана майрамдарда эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин унааларды акысыз… Кененирээк…

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Буга Өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов ишендирүүдө.   Анын айтымында, учурда тармакта ремонттук иштер жүрүп, жылуулук сезонуна даярдыктар көрүлүүдө. Кышында жарык тынымсыз берилет, — деди Осмонбетов.

Германиялык “Бавария” Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды

Германиялык “Бавария” Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды. Лиссабондо өткөн чечүүчү беттеште  ал “ПСЖнын” футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун 59-мүнөтүндө чабуулчу Кингсли Коман жеңиш алып келген голду ишке ашырды.   Чемпиондор лигасынын тарыныхында “Бавария” алтынчы ирет жеңүүчү болду. Титулдардын саны боюнча клуб анлиялык “Ливерпуль” менен үчүнчү… Кененирээк…

Кыргызстандын мечиттери жакынкы арада ишин жандандырат

  Кыргызстандын мечиттери жакынкы арада ишин жандандырат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жарандардан көптөгөн арыздар түшүп жатат.   Андыктан, санитардык нормаларды сактоо менен мечиттерди ачуу пландалууда. Ал үчүн тиешелүү органдарга атайын алгоритмди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда ооруканалардын ремонту жана курулушу өз убагында аяктайт

Кыргызстанда ооруканалардын ремонту жана курулушу өз убагында аяктайт.   Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, бардык медицина жайлары тиешелүү жабдуулар менен камсыздалып, дарыгерлер дагы толук кандуу кабыл алынат.   Эске салсак, Кыргызстан боюнча учурда 14 оорукананын оңдоо иштери жана курулушу жүрүп жатат. Алгач жарыяланган 12 медицина жайына… Кененирээк…

Башка өлкөлөрдө калып калган кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда

Башка өлкөлөрдө калып калган кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда. Республикалык штабдан билдиришкендей, Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 236 мекендеш келди.   Анын ичинде 18 кичинекей бала бар. Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү иштери улантылууда.

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Осмонов, Шербет, Патрис Лумумба, Алыкулов, Киев көчөлөрүндө, Чыгыш-5, Жал кичи райондорунда, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Ак-Өргө конуштарында, Байтик, Асылбаш, Кызыл-Туу айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат. Өтүнмөлөр 27-августка чейин кабыл алына турганын Билим берүү министрлиги эскетет.   Пандемияга байланыштуу кабыл алуу 2020.edu.gov.kg сайтында онлайн өткөрүлүүдө. Бул сайтта Жалпы республикалык тесттин сертификатынын талондорун эсептөө, окууга өтө турган улан-кыздардын рейтинг тизмесин түзүү жана бөлүштүрүү… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте учактан дары чачуу тууралуу маалыматты четке какты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте учактан дары чачуу тууралуу маалыматты четке какты. WhatsApp мессенжерлерине аудиобилдирүү келип, анда эркек самолеттон дары чачылары тууралуу эскертип жатканын угууга болот.   Анда дары балдарга арналганы да айтылат. Ведомство мындай маалыматты фейк деп атап, аларга ишенбөөгө чакырды.