Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,

тилкеде калыбына келтирүү жумуштары кечээ аяктап, учурда андан унаалар жүрө баштады.

Көчөнүн Баялиновдон Күреңкеевге чейинки жерине асфальт төшөлдү. Жолдун узундугу 900,

туурасы 6 метрди түзөт. Белгилеп кетсек, жумуштар бир жума аралыгында аяктады.

Тилкеде 1984-жылдан бери ремонт иштери жүргөн эмес.