1-сентябрдан тартып кызыл түстөгү «Тулпар» карталары берилген бир түйүн ишин токтотот

1-сентябрдан тартып кызыл түстөгү «Тулпар» карталары берилген бир түйүн ишин токтотот.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыктын имаратында

жайгашкан түйүн аталган күндөн тартып иштебейт. Калган түйүндөрдө жеңилдиктер

каралган категориядагы жарандарга арналган карталар мурункудай эле берилет.

Аларды Чүй проспектиси, Байтик Баатыр көчөсү жана Жибек-Жолу проспектисиндеги

даректер боюнча алса болот. Ал эми көк карталар автобус-троллейбус айдоочуларында жана

уюлдук операторлордун кеңселеринде жеткиликтүү.