Кыргызстанда оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөөгө 187 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөөгө 187 миллион сом бөлүндү.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, жалпысынан өлкө боюнча 14 саламаттыкты сактоо мекемеси

салынууда жана аларда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алардын экөөнү мамлекет каржыласа,

калгандары “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан.

Курулуш жана ремонттук иштерди сентябрь айында бүтүрүү пландалууда.