Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алыкулов-Ахунбаев көчөлөр кесилишинде камералар орнотулду.
Алар тесттик режимде жол эрежелерин бузууларын каттайт. Эске салсак, долбоордун экинчи этабы бүткүл республиканы камтып, жалпысынан 306 аппараттык-комплекс орнотулат. Анын 266сы стационардык болсо, 40 аппарат көчмө болот.