Жалал-Абадда бардык күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды

Жалал-Абадда бардык күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды. Шаардык штабдын маалыматына караганда, мындай чечим кайрылган жарандардын саны азайгандан улам кабыл алынды. Ошондой эле дем алыш күндөрү коомдук унаалар жүрө баштады. Кечээтен тартып мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Мындан тышкары, ушул дүйшөмбүдөн тартып шаардык стадионго каалоочулар… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алууну жөнөкөйлөштүрдү

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алууну жөнөкөйлөштүрдү. Мекеменин маалыматына ылайык, мурда тапшырылган анкета бир жыл гана юридикалык күчкө ээ болчу. Андан кийин жарандар кайрадан документ чогултуп, жаңылап арыз жазчу. Мындан ары ал норма жоюлду. Ошондой эле буга чейин ипотека тиешелүү документтерди биринчи чогултуп, баштапкы суммасын… Кененирээк…

Япония Олимпиада оюндары үчүн COVID-19га каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

Япония Олимпиада оюндары үчүн COVID-19га каршы жарым миллиард вакцина сатып алат. 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда. Чет өлкөдөн келген туристтерге логистикалык борбор жана коопсуз аймакты уюштуруу маселеси каралат. Муну менен өлкөдө пандемия убагында төмөндөгөн экономиканын жетишсиздиги туризм тармагы аркылуу 30… Кененирээк…

УЕФА Суперкубок мелдешин өтүшүндө көрүүчүлөрдүн санын чектейт

УЕФА Суперкубок мелдешин өтүшүндө көрүүчүлөрдүн санын чектейт. удапешттеги трибуналардын 30 пайыздан ашпаган орундугуна гана адамдарга уруксат берилет. Европа лигасынын чемпиону испаниялык “Севилья” жана Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү мюнхендик “Бавария” 24-сентябрда беттешет. Бул оюн пандемиядан улам киргизилген чектөөлөрдөн кийинки УЕФА турнирлери арасында белгиленген көрүүчүлөргө уруксат берген мелдештердин… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш 1-сентябрда ишин улантат

1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган.     Анын алдында 30-июндагы кезексиз сессиясында парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда бул… Кененирээк…

Кыргызстан жана Өзбекстан чек ара маселеси боюнча 2 протоколго кол койду

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.       Тараптар узундугу 94,5 км болгон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнчамакулдашууларга кол коюшту.… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы мектеп аралык онлайн-акция уюштурат

Билим берүү министрлиги Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы мектеп аралык “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” онлайн-акциясын уюштурат. Иш-чара 1-сентябрга чейин созулат. Акциянын алкагында ар түрдүү сынактар, викториналар, бий марафону, ошондой эле “Ким? Кайда? Качан” дистанттык оюну өткөрүлөт. Жыйынтыгы 2-сентябрда чыгат. Жеңүүчүлөр министрликтин дипломдору менен сыйланат.

Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 миллион 700 миң сом сарпталат

Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 миллион 700 миң сом сарпталат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, бул каражатка концерттик программанын жүрүшү жана майрамдык фейрверк каралды. Учурда Ала-Тоо аянтында жасалгалоо иштери аяктады. Чүй — Манас, Чүй — Абдрахманов, Манас — Ахунбаев көчөлөр кесилиштерине майрамдык элементтер орнотулду. 31-августта аянтта медициналык… Кененирээк…

Кыргызстанда 14 оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөө иштерине 206,5 миллион сом сарпталат

Кыргызстанда 14 оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөө иштерине 206,5 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди. Анын айтымында, эки объектинин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнөт. Алар —  Жалал-Абад жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканалар. Ал эми… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы  “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүнүн ондоо иштери декабрда аяктайт

Кыргыз-казак чек арасындагы  “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүнүн ондоо иштери декабрда аяктайт. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кайра калыбына келтирүүнүн алкагында комплекс курулуп, заманбап техника менен камсыздалат.   Буга чейин түйүн аркылуу күнүнө 11 миң адам жана 1 миңдей унаа өтчү. Оңдоо иштеринен кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсе… Кененирээк…