Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алууну жөнөкөйлөштүрдү

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алууну жөнөкөйлөштүрдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, мурда тапшырылган анкета бир жыл гана юридикалык күчкө ээ болчу.

Андан кийин жарандар кайрадан документ чогултуп, жаңылап арыз жазчу. Мындан ары ал норма жоюлду.

Ошондой эле буга чейин ипотека тиешелүү документтерди биринчи чогултуп, баштапкы суммасын төгүп жана

сатып ала турган турак жайын тапкандарга берилип келген. Жаңы электрондук портал ачык-айкындуулукту

камсыздайт жана кезек күтүүнүн эрежесин сактайт. Белгилеп кетсек, учурда жеңилдик ипотекасын

алуу үчүн арыз берген бюджеттик кызматкерлердин саны 5 миңден ашты.