Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылындагы мектеп капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат

Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылындагы мектеп капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, анда жалпысынан 357 бала билим алат. Мекемесинин имараты 47 жыл мурда курулган.

Андан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Долбоор жазылып, колдоочу грант аркылуу 3,5 миллион  сом каралган.

Анын алкагында, спорт зал толугу менен ремонттолуп, эшик, терезелери алмаштырылат.  Иштер суу түшкүчө аяктайт.