Россияда коомдук унаалар акысыз болушу күтүлүүдө

Россияда коомдук унаалар акысыз болушу күтүлүүдө.

РИА Новости билдиргендей, 2025-жылдан тартып «колдонуучу төлөйт» аттуу долбоор ишке кирет.

Бул схема боюнча аймактык маанидеги жолдо жүргөн айдоочулардан акы алынат.

Ал эми 2035-жылы бардык категориядагы айдоочулар акы төлөйт.

Долбоордун авторлору мындай механизм жеке унаа менен жүргөндөрдүн санын азайтат деп эсептешет.

Мындан улам адамдарга калк жашаган аймактарда велосипед, самокат жана

башка мотору жок транспорт менен жүрүү сунушталууда.