Ошто шайлоолорго карата курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат

Ошто шайлоолорго карата курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат. Бул тууралуу “Турмуш” түштүк ордо калаа ички иштер башкармалыгына шилтеме келтирип билдирет. Куралдарды сатууга убактылуу чектөөлөр 20-сентябрдан тарта күчүндө болот.   Ал эми колдорунда куралы бар жарандар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлүүдө. Кошумчалап кетсек, жалпысынан Ошто курал-жарак саткан 4… Кененирээк…

Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартууга болбойт

Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартууга болбойт. Бул тууралуу Боршайком эскертет. Андан түшүндүрүшкөндөй, жаран бюллетенге добуш берилгенден кийин дагы, аны тартууга укугу жок.   Ошондой эле, добуш берүүдө белгини карандаш, кызыл, жашыл, кара өңдөгү калемсаптар менен толтурууга жол берилбейт. Мындай учурда документ жараксыз болуп калат.… Кененирээк…

Кыргызстанга жыл аягына чейин 115 тез жардам унаасы келет

Кыргызстанга жыл аягына чейин 115 тез жардам унаасы келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин 13 тез жардам унаасы сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүлгөн. Сентябрь айында дагы 13 унаа келет. Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка 37 унаа сатып алынууда.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан акыркы суткада 80 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан акыркы суткада 80 адам айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, сакайгандар аймактар боюнча Бишкекке – 22, Ошко — 3, Чуйской облусуна — 11, Ошко — 7, Таласка — 2, Ысык-Көлгө — 11, Жалал-Абадга — 15 жана Баткен облусуна —… Кененирээк…

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, кечээ сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди. Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакынкы аралыкта калктын аярлуу катмары эмдөөдөн өткөрүлөт. Сатып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн.… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма түрттүрүлдү. Ошондой эле «Мурас-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан турак-жай алынды. Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес. Ошондой эле №6 кичи районунда мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды.

Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык запасы бар

Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык запасы бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 6 миллион беткап запаста бар. Учурда 8 ишкер өндүрүш ачып, күнүнө 50 миңге чейин коргонуу каражатын чыгарууда. Мындан тышкары, 2 ишкана жеке коргонуучу кийимдерди тигүүдө.… Кененирээк…

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу аба каттам 20-сентябрда жанданат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу аба каттам 20-сентябрда жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб жарыялады. Ага ылайык, Алматы — Бишкек — Алматы каттамы жумасына эки ирет, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Эске салсак, буга чейин 17-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу аба каттамдардын жанданары айтылган.

АКШда бейтаптарга дары-дармектерди дрондор жеткирип берет

АКШда бейтаптарга дары-дармектерди дрондор жеткирип берет. РИА Новости билдиргендей, эми учуучу аппараттар дарыларга буюртма кабыл алынгандан тартып бир саат аралыгында айтылган дарегине алып барат. Система аталган буюм сатылган дүкөндүн 80 чакырым радиусун камтыйт. Белгилеп кетсек, коронавирус пандемиясынан улам Федералдык жарандык авиация башкармалыгы буга чейин мындай жеткирүүгө… Кененирээк…

Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө газ жок болот

Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө газ жок болот. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Авиагородок кичирайонунун Зарбдор жана Жийдалик тилкесинде саат 3кө чейин көгүлтүр от өчүрүлдү. Бул Касымбеков жана Раззаков көчөсүнөн Курманжан-Даткага чейин жер астындагы түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.