Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык запасы бар.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 6 миллион беткап запаста бар.
Учурда 8 ишкер өндүрүш ачып, күнүнө 50 миңге чейин коргонуу каражатын чыгарууда.
Мындан тышкары, 2 ишкана жеке коргонуучу кийимдерди тигүүдө.
Алардын запасы 3 айга чейин жетет.