Ошто шайлоолорго карата курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат

Ошто шайлоолорго карата курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат. Бул тууралуу “Турмуш” түштүк ордо калаа ички иштер башкармалыгына шилтеме келтирип билдирет. Куралдарды сатууга убактылуу чектөөлөр 20-сентябрдан тарта күчүндө болот.

 

Ал эми колдорунда куралы бар жарандар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлүүдө. Кошумчалап кетсек, жалпысынан Ошто курал-жарак саткан 4 түйүн бар.