Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки «Тез жардам» унаасын алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки «Тез жардам» унаасы алып келинди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Унаалар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана Африка менен Азиянын өнүгүүгө жардам берүү фондунун активдүү жардамы менен Корея Республикасынын Сеул өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө… Кененирээк…

Улуу Британияда өзгөчө мейманкана ачылды

Улуу Британияда өзгөчө мейманкана ачылды. Анда жайгашкан адамдар терезесин ачып эле, жирафты сылап, арстандын эт жеп атканын көрсө болот. Бөлмөлөрдөн тышкары, бул мейманканада 40 адамды батырган чакан үй дагы бар.   Конок үйү кийинки жылы ачылса дагы, учурда анда 9 миң адамдан кезек жаралды.

Белгилүү актер Том Харди жаңы 007 агенти болушу мүмкүн

Белгилүү актер Том Харди жаңы 007 агенти болушу мүмкүн. ММКлар жазышкандай, актер июнда сынактан ийгиликтүү өтүп, ролго бекитилген. Муну менен ал англиялык актер Дэниел Крейгди алмаштырат.   Эске салсак, белгилүү тыңчынын ролун буга чейин Шон Коннери, Джордж Лазенби, Роджер Мур, Тимоти Далтон жана Пирс Броснан… Кененирээк…

Бишкектин 8 көчө кесилишинде светофорлор пайда болот

Бишкектин 8 көчө кесилишинде светофорлор пайда болот.   Жолчырактарды орнотууга тендерди ордо калаанын транспорт башкармалыгы жарыялады. Багыттала турган сумма 4,5 миллион сомду түзөт. Арыздар 28-сентябрга чейин кабыл алынат.

Тарых музейинин айланасындагы тосмо адамдардын коопсуздугу үчүн коюлду

Тарых музейинин айланасындагы тосмо адамдардын коопсуздугу үчүн коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, тосмо музейдин маңдайында 2018-жылдын август айында эле пайда болгон.   Эске салсак, социалдык тармактын колдонуучулары музейдин тосулушун катуу сынга алышууда. Айрымдары конструкциянын жалпы көрүнүшүнө арызданса, айрымдары аны орнотуу максатын түшүнбөй… Кененирээк…