«Түндүк электр» ишканасы карызы бар 2 миң 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат

«Түндүк электр» ишканасы карызы бар 2 миң 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат. Мекемеден билдиришкендей, өчүрүү иштери 23-24-сентябрда жүргүзүлөт. Мындан улам керектөөчүлөргө ыңгайсыздыктан жана жарыкты кайрадан коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында жүргүзүү сунушталат. Төлөмдөр «Кыргыз почтасы», терминал жана электрондук капчык аркылуу кабыл… Кененирээк…

Өлкөдө эки түйүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Өлкөдө эки түйүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тартып Жайыл районундагы «Сосновка», Токтогул районундагы «Арал» постторунан оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Буга чейин Бишкек—Ош трассасында унаа кырсыктарын, тыгындарды алдын алуу максатында аталган түйүндөрдө убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Жалал-Абад шаарында той өткөрүүгө карата салынган айыптын суммасы жогорулады

Жалал-Абад шаарында той өткөрүүгө карата салынган айыптын суммасы жогорулады. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев эскерткендей, буга чейин санитардык талаптарды аткарбагандарга 3 миң сом айып салынса, мындан кийин айыптын көлөмү 40 миңден 60 миң сомго чейин болду. Тиешелүү чечимди Республикалык штаб кабыл алды.  Белгилеп кетсек, өлкө боюнча кафе-ресторандарда… Кененирээк…

Кыргызстанда милиция иштин күчөтүлгөн режимине өтөт

Кыргызстанда милиция иштин күчөтүлгөн режимине өтөт. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов novosti.kgге билдиргендей, мындай режим шайлоого чейин жана добуш берүү күнүндө киргизилет. Учурда өлкө боюнча ар бир шайлоо тилкесине тиешелүү укук коргоочулар бекитилген. Алар абалды көзөмөлдөп, коомдук коопсуздукту камсыздашат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда… Кененирээк…

Кафе-ресторандарда кардарлардын санын 100гө жеткирүү суроосу жакынкы күндөрү каралат

Кафе-ресторандарда кардарлардын санын 100гө жеткирүү суроосу жакынкы күндөрү каралат.  Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, акыркы чечимди Республикалык штаб кабыл алат.   Өкмөт башчы белгилегендей, учурга карата  коомдук тамактануу жайларындагы чектөө дале күчүндө. Кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайлары 50дөн ашык кардарды… Кененирээк…

Казакстан товар алмашуу боюнча келишимдин алкагында Кыргызстанга электр энергиясын кайтарып баштады

Казакстан товар алмашуу боюнча келишимдин алкагында Кыргызстанга электр энергиясын кайтарып баштады. Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында ушул жылдын июнь айынан августуна чейин биздин өлкө Казакстанга 300 миллион киловатт саат электр энергиясын жеткирген.   21-сентябрдан тарта коңшу өлкө алган электр энергиясын кайтарууда.

Жаңы Зеландияда акыркы суткада коронавирустун бир дагы учуру катталган жок

Жаңы Зеландияда акыркы суткада коронавирустун бир дагы учуру катталган жок. Андан улам, Окленд шаарынан тышкары, өлкө аймагындагы чектөөлөр алынып баштады.   Бул калаада чектөөлөр вирустун жаңы учурлары 2 жума ичинде катталбаса, алынат.

Россия менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамдар жанданганына карабастан мигранттар автобустар менен алынып келет

Россия менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамдар жанданганына карабастан мигранттар автобустар менен алынып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.   Андан такташкандай, учак менен жеткирүү кымбат. Учурда казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, мигранттардын тизмеси такталууда. Жакында алар Казакстан аркылуу өткөрүлөт.

“Барселонанын” уругвайлык чабуулчусу Луис Суарес “Атлетико Мадрид” клубуна өтүшү мүмкүн

“Барселонанын” уругвайлык чабуулчусу Луис Суарес “Атлетико Мадрид” клубуна өтүшү мүмкүн.   Маалыматка ылайык, Суарес “Атлетико Мадрид” клубу менен келишимдин шарттарын толугу менен макулдашып, клубдун жетекчилиги менен ар дайым байланышта болуп турууга убада берген.   Луис Суарес “Барселонада” 2014-жылдан бери ойноп келет.

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдиргендей, 225 окуучуга эсептелген билим берүү мекемеси Туз айылында курулуп жатат.   Учурда иштер 60 пайызга аяктады. Жаңы мектеп колдонууга ушул жылдын декабрь айында берилет деп күтүлүүдө. Сметалык баасы 58 миллион сом.… Кененирээк…