Кыргызстанда “Жыл мугалими” сынагы салттуу режимде өтүшү ыктымал.
Бирок иш-чараны белгилөө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот, — дешти
novosti.kgге Билим берүү министрлигинен. Андан белгилешкендей, сынактын жүрүшү
боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда анын так күнү, ыйгарылчу белектер жана
өтө турган жери каралууда. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет.
Ага карата майрамдык салтанат уюштурулуп, педагогдорго сыйлыктар ыйгарылат.