Кыргызстанга акча которуулар төмөндөдү

Кыргызстанга акча которуулар төмөндөдү.

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айлар аралыгында акча которуулардын көлөмү

былтыркы жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга азайды. Кыскарууларга жарандардын мекенге

кайтышы жана иштеген өлкөлөрүндө ишканалардын жабылышы себеп болду. Эске салсак,

Россиядагы карантиндик чектөөлөрдөн улам апрелде өлкөгө болгону 74 миллион доллар которулган.

Бул соңку жылдардагы эң аз көрсөткүч болуп катталды.