Американын Орегон штатында эчкилер жумушка алынды

Американын Орегон штатында эчкилер жумушка алынды. Алар экосистемадагы өрткө каршы кызматты аркалашат. 230 эчки менен атайын келишим түзүлдү, алар аймактагы кургак чөптү жеп бүтүрүшү керек.

 

Жаныбарлар Вашингтон штатынан жеткирилет. Эчкилердин кызматы күнүнө 800 долларды түзөт, алар болгон кургак чөптү 1-2 күндө жеп бүтөт.