Япония октябрда чек араларын ачууда. Бирок уруксат бардык адамдарга берилген эмес

Япония октябрда чек араларын ачууда. Бирок уруксат бардык адамдарга берилген эмес. Алсак, азырынча туристтер үчүн өлкөнүн чек арасы жабык. Октябрдан тарта Японияга 3 айга чейинки убакытка иш сапары менен же окуу максатында баргандар гана кире алат.

 

Өлкөгө киргенден кийин чет элдик жарандар сөзсүз 14 күндүк карантинден өтүшү шарт. Сырттан келгендердин санына да чектөө коюлган. Ага ылайык, бир күндө Японияга миңден ашык адам кирбеши керек.