Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду.
Мэриядан билдиришкендей, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон
стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, аталган борбор
2018-жылы түзүлгөн. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана
зомбулукка каршы күрөшүү. Учурда түйүндүн курамында 140 шаар бар.