Джеймс Кэмерон “Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгүн тартуу иштери аягына чыкканын жар салды.
Ошондой эле табышмактуу Пандора дүйнөсү тууралуу мегаблокбастердин үчүнчү бөлүгүнүн
үстүндө иштөө аракеттери аяктап жатат. Болгону анын 5-10 пайызы гана калды. – деп белгиледи режиссер.
Эске салсак, “Аватар 2” тасмасын тартуу иштери 2017-жылы башталган. Ушул жазда пандемиядан улам
тартуу иштери токтотулган. Көптөн күтүлгөн экинчи бөлүктүн премьерасы 2022-жылдын декабрь айында
өтүшү керек. Ал эми үчүнчү бөлүгү 2024-жылы жарык көрөт. Жалпысынан тасма 5 бөлүмдөн турушу күтүлүүдө.