Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилди

Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилди.

Авиация комитети билдиргендей, аскердик абал режиминен улам 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектер өлкөдөн чыгарылбайт.

Алар бир гана аймактык аскер комиссариаттарынын уруксат кагазы менен гана чыга алышат. Эске салсак, 27-сентябрда

Армения жана Азербайжандын чектеш аймагында тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып,

аскердик кагылышууларга жеткен. Мындан улам эки өлкө тең өз аймактарына аскердик абал жарыялаган.