Gucci мода үйү эркектерге арналган узун көйнөк чыгарды

Gucci мода үйү эркектерге арналган узун көйнөк чыгарды. Ал кызгылт сары түстөгү, сатин кездемесинен тартууланды. Дизайнерлердин айтымында, бул гендердик теңсиздик боюнча стереотиптерге каршы күрөш болуп эсептелет.   План боюнча, эркектер бул узун көйнөктү джинсы шымдын үстүнө кийиши керек. Көйнөктүн баасы сом менен алганда 171 миң… Кененирээк…

Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот

Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот. Буга чейин пландалгандай, 2-6-класстардын окуучуларынын мектепке кайтып келүүсүнө коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу тыюу салынды.   Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкектин башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, аймактарда окуучулар ортосунда коопсуз аралыкты сактоо мүмкүн, ал… Кененирээк…

БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт

БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал эми алдын ала жыйынтык менен парламентке 4 партия өттү.   Чогулган добуштар менен алдыга президенттик “Биримдик” партиясы чыкты. Андан кийин эле “Мекеним Кыргызстан” келе жатат. Үчүнчү орунда… Кененирээк…

Улуу Британия футбол боюнча Евро-2020 чемпионатынын 7 беттешинен баш тартышы мүмкүн

Улуу Британия футбол боюнча Евро-2020 чемпионатынын 7 беттешинен баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу спорт боюнча мамлекеттик катчы Оливер Дауден жарыялады.   Белгилеп кетсек, Европа-2020 кийинки жылга жылдырылган. Оюндарды токтотуп туруу коронавирус пандемиясына байланыштуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн басымдуу аймагында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. 6-7-октябрда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.   Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрөт. Аба-ырайынын мындай шарттары… Кененирээк…

Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат

Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан түшүндүрүшкөндөй, ата-эне ведомствого арыз жазып, анда баласынын онлайн же кадимки форматта билим ала турганын белгилеши керек.   Эске салсак, эртеңден тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар салттуу түрдө билим… Кененирээк…

Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек

Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.   Анын айтымында, балдарды кайра кабыл алууга мектептер даяр. Сабактардын жүгүртмөсү түзүлдү, шайлоолордон кийин дезинфекция жүргүзүлдү. Бирок Мамлекеттик санэпидем көзөмөл инспекциясы тарабынан… Кененирээк…

Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 6, Ошто 59, Чүйдө 7, Таласта 5, Нарында 3, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда 8, Баткенде 13 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө 43 миң 521 адам коронавирусту жеңди.

“Ак-Кула” ат майданын долбоорлоо үчүн дагы бир тендер жарыяланды

“Ак-Кула” ат майданын долбоорлоо үчүн дагы бир тендер жарыяланды. Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгы сынак жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришкендей, биринчи тендер өткөрүлбөй калды.   Мэрия ипподромду долбоорлоого 18 миллион 916 сом багыттоо ниетинде. Эске салсак, “Ак-Кула” ат майданы 1947-жылы курулган.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы азайды

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы азайды. “Электр станцияларынын” маалыматына ылайык, 5-октябрга карата андагы суунун жалпы көлөмү 15 миллиард 194 миллион кубометрди түздү.   Өткөн жылдын 5-октябрында нымдуулук 17 миллиард 248 миллион кубометрге жеткен. Белгилеп кетсек, суунун көломү аз болгонуна карабай, энергетиктер кышында электр энергиясынын… Кененирээк…