Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы азайды. “Электр станцияларынын” маалыматына ылайык, 5-октябрга карата андагы суунун жалпы көлөмү 15 миллиард 194 миллион кубометрди түздү.
Өткөн жылдын 5-октябрында нымдуулук 17 миллиард 248 миллион кубометрге жеткен. Белгилеп кетсек, суунун көломү аз болгонуна карабай, энергетиктер кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт деп убадалашууда.
Ошондой эле, Казакстан жайкысын экспорттолгон электр энергиясын кайтарып баштады.