Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат

Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан түшүндүрүшкөндөй, ата-эне ведомствого арыз жазып, анда баласынын онлайн же кадимки форматта билим ала турганын белгилеши керек.

 

Эске салсак, эртеңден тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар салттуу түрдө билим алып баштайт. Кийинки этап менен мектеп парталарына жогорку класстын окуучулары кайтып келет.