Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 6, Ошто 59, Чүйдө 7, Таласта 5, Нарында 3, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда 8, Баткенде 13 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө 43 миң 521 адам коронавирусту жеңди.