БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт

БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал эми алдын ала жыйынтык менен парламентке 4 партия өттү.

 

Чогулган добуштар менен алдыга президенттик “Биримдик” партиясы чыкты. Андан кийин эле “Мекеним Кыргызстан” келе жатат. Үчүнчү орунда “Кыргызстан”, төртүнчүдө “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясы жайгашты. Добуш берүүчүлөрдүн катыштыгы 56 пайызды түздү.