Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн басымдуу аймагында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. 6-7-октябрда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрөт. Аба-ырайынын мындай шарттары мал жаюуну, талаа иштерине кыйынчылык жаратат.