Таласта жылуулук сезону болжол менен 23-октябрда башталат

Таласта жылуулук сезону болжол менен 23-октябрда башталат. Бул тууралуу мэр Айдарбек Жузупбеков билдирди. Анын айтымында, азырынча күн жылуу болуп турат.   Аба табы +18 градуска дейре көтөрүлүүдө. Орточо суткалык температура 3 күн катары менен 8 градустан жогору болбосо, жылуулук берилет, — деди калаа жетекчиси. Ал… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берилди

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берилди. “Бишкекжылуулук тармактарынан” билдиришкендей, 1 миң 933 үйдүн жана  53 медициналык жайдын батареялары жылып баштады.   Белгилеп кетсек, онлайн форматтагы билим берүүгө байланыштуу, мектептер жана бала бакчаларга жылуулук азырынча бериле элек. Бишкекте жылуулук сезону 9-октябрда старт алды.

Сентябрда салыктар пландан ашык чогулду

Сентябрда салыктар пландан ашык чогулду. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, күздүн алгачкы айында 7 миллиард 640 миллион сом чогулду. Бул белгигенген планга салыштырмалуу, 1 миллиард сомго көп.   Муну менен план  117 пайызга аткарылган болот. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, салык чогултуу 609,5 миллион… Кененирээк…

Мектептерде билим берүүнү кадимки форматта жүргүзүү суроосу кайрадан күн тартибинде

Мектептерде билим берүүнү кадимки форматта жүргүзүү суроосу кайрадан күн тартибинде.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерди ачуу маселеси Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте чечилип жатат.   Эске салсак, айрым окуу жайлардын жетекчилери окуу 19-октябрдан тарта кадимки форматта жанданат деп билдиришкен. Ал эми ведомство бул… Кененирээк…

Бишкекте инфекциялык жаңы оорукананын курулушу дээрлик аяктап калды

Бишкекте инфекциялык жаңы оорукананын курулушу дээрлик аяктап калды.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 100 орунга эсептелген медицина жайы 4 блоктон туруп, анда чатыр жабылып, полдор жылууланып, желдетүү, сигнализация, суу, канализация системалары иретке келтирилди.   Учурда соңку көрктөндүрүү, эмректерди киргизүү иштери жасалууда. Белгилеп кетсек, жеңил конструкция… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында коомдук абал туруктуу жана укук тартиби органдарынын толук көзөмөлүндө

Кыргызстан аймагында коомдук абал туруктуу жана укук тартиби органдарынын толук көзөмөлүндө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коопсуздукту Бишкек милициясы, кайгуул кызматы, аскерлер жана элдик кошуундар камсыздап жатышат. Белгилеп кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий абал курчуп, Бишкекте башаламандык катталды. Президент Сооронбай Жээнбеков… Кененирээк…

Мектептерде сабактардын реалдуу режимде өтүшү боюнча маселе кайрадан күн тартибинде

Мектептерде сабактардын реалдуу режимде өтүшү боюнча маселе кайрадан күн тартибинде. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемелерин ачуу саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте каралат. Эске салсак, буга чейин айрым мектептердин мугалимдери мектептерде сабактар келаткан дүйшөмбү, 19-октябрдан тартып өтүлө баштарын айтышкан. Бир катар варианттар бар. Алар… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 190 адам КОВИД-19 жана пневмониядан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 190 адам КОВИД-19 жана пневмониядан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкекке туура келет. Ушуну менен вирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 44 миң 719и түздү.

118 чалуу борбору ишин жандантты

118 чалуу борбору ишин жандантты. Буга чейин түз байланыш номуру техникалык себептерден иштебей калган. Учурда номурлар Бишкектин жана облустардын бирдиктүү үй-бүлөлүк медицина борборлоруна которулду. Ошондой эле, бардык программалардын иши жөнгө салынды.

Бишкекте дагы бир кошумча стационар ачылды

Бишкекте дагы бир кошумча стационар ачылды. Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык мекеме Улуттук госпиталдын базасында пайда болду. Андыктан, вирустун белгилери байкалса жарандар адистерге кайрылышы зарыл. Өз алдынча дарылануу кооптуу. Эске салсак, буга чейин аймактарда дагы күндүзгү жана түнкү стационарлар иштеп баштаган.