Бишкекте инфекциялык жаңы оорукананын курулушу дээрлик аяктап калды

Бишкекте инфекциялык жаңы оорукананын курулушу дээрлик аяктап калды.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 100 орунга эсептелген медицина жайы 4 блоктон туруп, анда чатыр жабылып, полдор жылууланып, желдетүү, сигнализация, суу, канализация системалары иретке келтирилди.

 

Учурда соңку көрктөндүрүү, эмректерди киргизүү иштери жасалууда. Белгилеп кетсек, жеңил конструкция менен оорукананын курулушуна 67 миллион сомду Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду бөлүп берген.