Өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдары 75 пайызга көмүр менен камсыздалды

Өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдары 75 пайызга көмүр менен камсыздалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын жетекчиси Мухтарбек Баймурзаев билдирди. Анын айтымында,  5 миңден ашык медициналык мекеме бар. Алар электр энергиясы, көгүлтүр от жана көмүр менен жылыйт. Быйыл республикадагы саламаттык сактоо уюмдарына 17,5 миң… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда. «Электр станциялары» ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуардагы суунун көлөмү 15 миллиард 109 миллион кубометрди түзөт. Ал эми былтыр ушул эле мөөнөт аралыгында суу сактагычтагы нымдуулуктун көлөмү 17 миллиард 261 миллион кубометр болчу. Белгилеп кетсек, суунун аз болгонуна… Кененирээк…

Кытайлык сүрөт Гонконгдогу аукциондо 42 миллион долларга сатылды

Кытайлык сүрөт Гонконгдогу аукциондо 42 миллион долларга сатылды. Лоттун баштапкы баасы 10 миллион долларды түзгөн. РИА Новости билдиргендей, эки метрлик картина XIV кылымда падышанын сарайында кызмат кылган кытайлык белгилүү сүрөтчү Рен Ренфага таандык. Ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн эмгек императордук коллекцияга кирет. Ага бир катар падышалардын… Кененирээк…

Токмок шаарына жылуулук ушул айдын аягына чейин берилет

Токмок шаарына жылуулук ушул айдын аягына чейин берилет. Калаа мэриясынан билдиришкендей, күзгү-кышкы сезонго жылуулук тармактары толугу менен даяр. Аба-ырайы +8 градустан 4 күн катары менен ашпаганда батирлер жылуулукка кошула баштайт. Эске салсак, буга чейин Бишкекке жана Каракол шаарына жылуулук берилген. Ал эми Ош шаарында жылуулукка… Кененирээк…

Бишкекте коменданттык саат учурунда эреже бузгандар болгон жок

Бишкекте коменданттык саат учурунда эреже бузгандар болгон жок. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, коомдук тартипти бузуу, жеке жана мамлекеттик мүлккө кол салуу факттары катталган жок. Коопсуздукту Бишкек милициясы, кайгуул кызматы, аскерлер жана элдик кошуундар камсыздап жатышат. Белгилеп кетсек, ордо калаада… Кененирээк…

Калифорнияда 3Д принтерде басылып чыккан үйлөр массалык түрдө өндүрүлө баштады

Калифорнияда 3Д принтерде басылып чыккан үйлөр массалык түрдө өндүрүлө баштады. Америкалык басылмалар билдиришкендей, толук кандуу турак-жайды басым чыгарууда интетикалык таштар колдонулат. Бул материал ультра кызыл түстүү нурлардын таасиринде көз ирмемде кургап калат. Бир үйдүн жалпы аянты 33 чарчы метрди түзөт жана ал 24 саатта эле… Кененирээк…

Токмок шаарындагы жаңы төрөт үйү жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Токмок шаарындагы жаңы төрөт үйү жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Курулуш шаардык аймактык ооруканага карайт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жаңы объекти эки кабаттуу болот жана анда лифт дагы бар. Ал 35 орунга ылайык. Учурда медициналык мекемеге заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар жана эмеректер алынып келип, орнотулуп… Кененирээк…

Улуттук банк SWIFT системасын жандантты

Улуттук банк SWIFT системасын жандантты. Бул эл аралык төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары. Башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, эми коммерциялык банктар 13-октябрь же бүгүнтөн тартып бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт. Эске салсак, өткөн жумада аталган эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү системасы ишин токтоткон. Бул өлкөдөн ири… Кененирээк…