Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берилди. “Бишкекжылуулук тармактарынан” билдиришкендей, 1 миң 933 үйдүн жана 53 медициналык жайдын батареялары жылып баштады.
Белгилеп кетсек, онлайн форматтагы билим берүүгө байланыштуу, мектептер жана бала бакчаларга жылуулук азырынча бериле элек. Бишкекте жылуулук сезону 9-октябрда старт алды.