Мектептерде билим берүүнү кадимки форматта жүргүзүү суроосу кайрадан күн тартибинде

Мектептерде билим берүүнү кадимки форматта жүргүзүү суроосу кайрадан күн тартибинде.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерди ачуу маселеси Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте чечилип жатат.

 

Эске салсак, айрым окуу жайлардын жетекчилери окуу 19-октябрдан тарта кадимки форматта жанданат деп билдиришкен. Ал эми ведомство бул боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бир катар варианттар каралып жатат. Акыркы чечимди Республикалык штаб чыгарат.