Токмок шаарына жылуулук ушул айдын аягына чейин берилет

Токмок шаарына жылуулук ушул айдын аягына чейин берилет.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, күзгү-кышкы сезонго жылуулук тармактары толугу менен даяр.

Аба-ырайы +8 градустан 4 күн катары менен ашпаганда батирлер жылуулукка кошула баштайт.

Эске салсак, буга чейин Бишкекке жана Каракол шаарына жылуулук берилген.

Ал эми Ош шаарында жылуулукка төрөт үйлөрү гана кошулду. Батирлерге абанын

табына тиешелүү болгон норманын негизинде гана берилет.