Токмок шаарындагы жаңы төрөт үйү жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Токмок шаарындагы жаңы төрөт үйү жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет.

Курулуш шаардык аймактык ооруканага карайт. Калаа мэриясынан билдиришкендей,

жаңы объекти эки кабаттуу болот жана анда лифт дагы бар. Ал 35 орунга ылайык.

Учурда медициналык мекемеге заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар жана

эмеректер алынып келип, орнотулуп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 57 миллион сомду түздү.

Каражат демөөрчү жана жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.