Мирбек Мияров Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Мирбек Мияров Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Буга чейинки облус башчысы Алтынбек Намазалиев ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргызстанда дагы 196 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 196 адам коронавирусту жеңип чыкты. Айыккандардын көбү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура келет, — дешти республикалык штабдан. Ушуну менен өлкө боюнча вирус жана пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 45 миң 80 адамды туздү.

Улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө шектүү жаран кармалды

Улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө шектүү жаран кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош облусунун тургуну кармалды. Ал чагымчыл видеону тартып, жарыялабаганын, видео башка адамдар тарабынан монтаждалганын билдирген. Тергөө иштери уланууда. Эске салсак, соцтармактарда улуттар аралык кастыкка шарт түзгөн чагымчыл видео тарап жатат. Мындан… Кененирээк…

Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 11 үй курулуп жатат

Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 11 үй курулуп жатат. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, учурда иштер аяктап калды. Турак жайлар ноябрда пайдаланууга берилет. Бул жерде Нарындагы памирлик кыргыздар жашайт. Алар 2017-жылы Афганистандан көчүрүлүп келген

Кичинекей чымчык токтобой учуу боюнча канатуулар арасында дүйнөлүк рекорд жаратты

Кичинекей чымчык токтобой учуу боюнча канатуулар арасында дүйнөлүк рекорд жаратты. Ал 12 чакырымды тынымсыз басып өттү. Чымчыкта кыймылын байкай турган спутникалык датчик орнотулган. Канаттуу Тынч океан аркылуу Аляскадан Жаңы Зеландияга чейин учуп барды. Буга чейинки конбой учкан рекорд 2007-жылы катталган. Анда канаттуу 11 миң 680… Кененирээк…

Арча-Бешик конушунда суу тармактарын оңдоо иштери аяктады

Арча-Бешик конушунда суу тармактарын оңдоо иштери аяктады. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 258 турак-жайдын жашоочулары таза сууга кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Суу тармактарынын жалпы узундугу 510 метрди түзөт. Курулуш иштерине 2 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Сумма шаардык бюджеттен бөлүнүп берилген

Мамлекеттик чек арада абал туруктуу

Мамлекеттик чек арада абал туруктуу. Ведомстводон билдиришкендей, биздин өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү башка өлкөнүн өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланышта. Мындай чара мамлекеттик чек аралардагы айрым кемчиликтерди кетирбөө жана кырдаалдын начарлап кетишин алдын алуу максатында көрүлүүдө. Ар бир бөлүм кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат. Ошондой эле… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту. РБК басылмасы жарыялангандай, өлкөдө саясий абал турукташмайынча Бишкекке каражат багытталбайт. Өз кезегинде Россиянын каржы министрлигинен бул тууралуу комментарий бериле элек. Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардам акыркы ирет коомго жарыяланган маалымат боюнча былтыр келген. Анда Россия биздин өлкөгө кайтарымсыз негизде 30 миллион… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 8ден кечки 6га чейин Алма-Ата, Москва, Тоголок Молдо, Киев, Логвиненко, Садырбаев, Кривоносов, Айни, Фере, Жибек Жолу, Каралаев, Койбагаров, Курманжан Датка жана Салиева көчөлөрүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда, Ак-Босого, Ак-Ордо, Алты-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарында… Кененирээк…

20-октябрдан тартып жарандар Кыргызстан жана Казакстан чек арасынан паспорт аркылуу гана өткөрүлөт

20-октябрдан тартып жарандар Кыргызстан жана Казакстан чек арасынан паспорт аркылуу гана өткөрүлөт. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бул жашы жете элек балдарга да тиешелүү. Мындай тартип Россияга жана ал жактан кайрадан артка түз абакаттам менен жүргөн Кыргызстандык жашы жете элек балдарга тиешеси жок. Эреже 2012-жылы эки… Кененирээк…