Улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө шектүү жаран кармалды

Улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө шектүү жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш ишинин

алкагында Ош облусунун тургуну кармалды. Ал чагымчыл видеону тартып,

жарыялабаганын, видео башка адамдар тарабынан монтаждалганын билдирген.

Тергөө иштери уланууда. Эске салсак, соцтармактарда улуттар аралык кастыкка шарт түзгөн

чагымчыл видео тарап жатат. Мындан улам, ведомство мамлекеттик органдардын

расмий маалыматтарына гана ишенүүгө жана жалган маалымат таратпоого чакырат.

Коомдук тартипти бузгандар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат