Арча-Бешик конушунда суу тармактарын оңдоо иштери аяктады.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 258 турак-жайдын жашоочулары
таза сууга кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Суу тармактарынын жалпы узундугу
510 метрди түзөт. Курулуш иштерине 2 миллион сомдон ашык
каражат жумшалды. Сумма шаардык бюджеттен бөлүнүп берилген