Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Исманова «Азаттыкка» ырастады.   «Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен шектүү Матраимов Тилек Исмаиловичтин бөгөт чарасы катары үй камагы бир… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев атындагы борбордук көчөсүн кеңейтүү иштери ноябрда жыйынтыкталат

Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев атындагы борбордук көчөсүн кеңейтүү иштери ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Болот Узакбаев билдирди.   Анын айтымында, иштерге жергиликтүү бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн. Курулуштун алкагында ирригациялык тармакты өткөрүү, тротуарларды салуу жана көчө жарыгын орнотуу каралган.

Японияда 105 жаштагы дарыгер узак жашоо сырлары менен бөлүштү

Японияда 105 жаштагы дарыгер узак жашоо сырлары менен бөлүштү. Шигеаки Хинохара өмүр бою диета кармап, туура тамактанган. Анын башкы рационунда – буудай жана арпа болгон.   Андан тышкары, мөмө-жемиш, жумуртка, сүт, балык жейт. Этти анда санда, аз гана өлчөмдө жесе болот, ал эми кумшекерден такыр… Кененирээк…

Бишкектин Лев Толстой көчөсүн ондоо жана эстакадалык көпүрөнү куруу аягына чыгып калды

Бишкектин Лев Толстой көчөсүн ондоо жана эстакадалык көпүрөнү куруу аягына чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштардын негизги бөлүгү жыйынтыкталды.   Учурда куруучулар соңку иштерди жасоодо – жол чийинин түшүрүү, белгилерди орнотуу, ирригациялык тармакты өткөрүү. Белгилеп кетсек, эстакадалык көпүрө шаардын чыгыш жана батыш тарабын бириктирет.

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 200 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 200 сомду түздү. Ушул жылдын үчүнчү кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитетинен жарыялашты. 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч 8 пайызга өстү.   Жакшы динамика өлкөнүн бардык аймактарында катталды. Эске салсак, Улуттук статистика комитети 3 ай сайын өлкөдөгү… Кененирээк…

ID-картага улут боюнча графаны кайтаруу суроосу каралып жатат

ID-картага улут боюнча графаны кайтаруу суроосу каралып жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр 2017-жылдагы паспортторго киргизилип, бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт.   Болжол менен, “улуту” графасын киргизүүгө 90 күн талап кылынат. Бирок, жаңычылдык жарандын каалоосу менен гана паспортто көрсөтүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатканын айтып, кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Мамлекет жетекчиси өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан бийик экенин айтып, ар бир мекендештин өмүрү баарынан кымбат экенин белгиледи. Мындан улам Жапаровду жана башка саясатчыларды өз… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кымбаттоо багытында

Кыргызстанда доллар кымбаттоо багытында. Учурда ал 81 сомго жакындап калды. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны 80 сом 40 тыйындан сатып алышып, 80 сом 75 тыйындан сатылууда. Бир сутка аралыгында доллар 1 сомго кымбаттады. Анын ортосунда Улуттук банктан кескин кымбаттоонун себебин айтып беришти. Башкы каржы мекемесинен белгилешкендей,… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган

«Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркаган укук коргоо органдарынын ичинен 198и ооруканада. Калганы медициналык жардамды амбулатордук шартта алып жатат. Эске салсак, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак… Кененирээк…

15-октябрдан тартып Шабдан Баатыр көчөсүндө кыймыл татаалданат

15-октябрдан тартып Шабдан Баатыр көчөсүндө кыймыл татаалданат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкенин Лермонтов менен кесилишинде электр тармактарын калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт. Иштер 31-октябрга чейин аякташы керек. Макулдашууга ылайык, куруучу компания иштер соңуна чыккандан кийин асфальт катмарын калыбына келтирет