“Коопсуз шаар” долбоорун мындан ары дагы өнүктүрүү керек

“Коопсуз шаар” долбоорун мындан ары дагы өнүктүрүү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов жарыялады. Анын айтымында, долбоордун биринчи этабы соңуна чыкты, эми бийлик жарандардын сунуштарын эске алуу менен аны улантат.   Мамытканов белгилегендей, “Коопсуз шаар” коррупцияны жана жол кырсыктарын жоюу үчүн керек. Ал толук кандуу… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги окуучулар экинчи чейректен тарта кадимки форматта окуп калат деген ниетте

Билим берүү министрлиги окуучулар экинчи чейректен тарта кадимки форматта окуп калат деген ниетте. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев билдирди.   Ал белгилегендей, окучуулар мектепте билим алышы керек, бирок бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Республикалык штаб абалды иликтеп, балдарды мектепке кайтаруу боюнча туура чечим… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 5ке чейин жарык Байтик Баатыр, Тыныстанов, Гоголь, Огонбаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Көк-Жар, Ак-Босого, Ак-Ордо, Дордой-2 конуштарында, Асанбай кичи районунда, Ленинское, Аламүдүн, Чалдыбар, Дөң-Арык айылдарында жана Кант шаарында жок болот.   Убактылуу… Кененирээк…

Бишкектин Каралаев көчөсүн калыбына келтирүү жыйынтыкталды

Бишкектин Каралаев көчөсүн калыбына келтирүү жыйынтыкталды. Муниципалитет маалыматына ылайык, анын жалпы узундугу 1 миң 650 метрге жеткен  Куттубаев-Токомбаев тилкеси оңдолду.   Анда жол белгилер орнотулуп, чийиндер түшүрүлүп, тротуар курулду. Кайра калыбына келтирүү иштери кытайлык гранттын эсебинен аткарылды.

Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялар боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялар боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.   Буга чейин Айдарбеков Тышкы иштер министрлигин жетектеп келген.

Жогорку Кеңеш парламенттик жана президенттик шайлоолорду жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш парламенттик жана президенттик шайлоолорду жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Документ дароо 3 окууда кабыл алынды.   Мыйзамга ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоолор конституциялык реформадан кийин өткөрүлөт. Ал эми Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы кийинки жылдын июнь айына чейин иштейт.