Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 5ке чейин жарык Байтик Баатыр, Тыныстанов, Гоголь, Огонбаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Көк-Жар, Ак-Босого, Ак-Ордо, Дордой-2 конуштарында, Асанбай кичи районунда, Ленинское, Аламүдүн, Чалдыбар, Дөң-Арык айылдарында жана Кант шаарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.