Кыргызстан ашууларында кыймылга чектөөлөр жок

Кыргызстан ашууларында кыймылга чектөөлөр жок. Унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат, — деди novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын айтымында, Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларда кар жаап жатат. Жеринде кызматкерлер коопсуздукту камсыздоо максатында жолго инерттүү материалдарды сээп, тилкени кардан… Кененирээк…

Бактылуу жашаш үчүн ынгайлуу жаш курак аталды

Бактылуу жашаш үчүн ынгайлуу жаш курак аталды. Америкалык социологдордун айтымында, турмуш куруу үчүн идеалдуу курак – 28ден 32ге чейин. Ушул жашта үйлөнгөндөрдүн арасында ажырашкандар аз.   Окумуштуулардын пикиринде, ушул мезгилде баш кошкондор жашоодо тажрыйба топтоп, жумушу калыптанып калган болот.

Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык. Куткаруучулардын айтымында, тоолуу аймактарда кар жааганы менен, унаа кыймылына тоскоолдуктар жаралган жок.   Бардык ашууларда куткаруучулар, жолчулар  нөөмөттө турат. Зарыл болсо, коопсуз тилкелерге кум жана техникалык туз себилип, кар тазаланат.

Кыргызстанда дагы 324 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 324 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 25, Ошто 150, Чүйдө 25, Нарында 5, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 61, Баткенде 48 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту 47 миң 50 адам жеңди.

Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин  көптөн күткөн оюн талаасындагы жолугушуусу болбой калышы ыктымал

Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин  көптөн күткөн оюн талаасындагы жолугушуусу болбой калышы ыктымал. Себеби, португалиялык футболчуда кайрадан коронавирус аныкталды.   Белгилеп кетсек, Роналдунун тести 13-октябрда дагы оң жыйынтык көрсөткөн. Анда ал УЕФАнын алкагында Швеция курамасы менен беттешти өткөрүп алган. Эми болсо “Ювентустун” “Барселона” менен жолугушуусуна… Кененирээк…

Тоолуу трассаларда жүрүүдө этият болууга куткаруучулар чакырат

Тоолуу трассаларда жүрүүдө этият болууга куткаруучулар чакырат. Бишкек – Ош жолунда карга айланган жаан жаашы күтүлөт. Андыктан Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары менен өтө тургандар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, сөзсүз унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоосу керек.   Чынжырча, күрөкчө жана аптечка жанында болушу оң. Чукул… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук кол тамгасын акысыз ала алат

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук кол тамгасын акысыз ала алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, электрондук кол тамга мамлекеттик кызматкерлерге жарандарга “Түндүк” системасы аркылуу кызмат көрсөтүү  үчүн талап кылынат. Электрондук кол тамганы алуу жана каттоо үчүн Бишкектин калкты тейлөө борборлоруна… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине быйыл 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу пландалган

Бишкек ЖЭБине быйыл 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу пландалган. Novosti.kg ге “Электр станцияларынан” билдиришкендей, андан тышкары, 4 миң тонна мазут, газ сатылып алынат.   Учурга карата ордо калаанын жылуулук-энерго борборунун сактоочу жайларында 200 миң тоннадан ашык көмүр бар жана жеткирүүлөр график боюнча… Кененирээк…

“Семетей” госпиталында оңдоо иштери дээрлик аяктап калды

“Семетей” госпиталында оңдоо иштери дээрлик аяктап калды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын бир бөлүгү реанимациялык блокко өзгөртүлдү. Учурда жылуулук системасы калыбына келтирилип жатат.

Кыргызстандын күйүүчү май тармагында абал туруктуу

Кыргызстандын күйүүчү май тармагында абал туруктуу. Бул тууралуу novosti.kgге мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, октябрда бензиндин баасы кымбаттабайт.   Ал эми кийинки ай тууралуу айта турган болсок, баалар ноябрдын башында белгилүү болот. Анда Россиядагы заводдор тарифтерин жарыялайт. Кошумчаласак, учурда бензиндин 92-улгүсүнүн… Кененирээк…