Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде   1 позицияга төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде   1 позицияга төмөндөдү. Учурга карата биздин команда 96-орунда турат. Тизме достук жолугушуулар, Улуттар Лигасы жана Түштүк Африкадагы тандоо турунун жыйынтыгы менен түзүлдү.   Отчеттук мезгилде биздин курама беттештерди өткөргөн эмес. Кыргызстан футболчулары алдыга Люксембург курамасын кое берип, бир… Кененирээк…

Боршайком Кыргызстан президентине талапкер болгондорго талаптарын жарыялады

Боршайком Кыргызстан президентине талапкер болгондорго талаптарын жарыялады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, өлкөнүн башкы постуна талапкер 35 жаштан жогору, бирок 70ке чыга элек Кыргызстандын жараны болушу керек.   Андан тышкары, ал 15 жылдан бери Кыргызстан аймагында жашашы, мамлекеттик тилди эркин билиши шарт.  … Кененирээк…

Бишкекте бул жумада аба-ырайы өзгөрмө болот

Бишкекте бул жумада аба-ырайы өзгөрмө болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн жана эртең ордо калаада +20 градуска чейин жылыйт. Түнкүсүн термометр мамычалары +10 градустун тегерегинде болот. Бирок шаршембиден тартып аба-ырайы сууктайт. 28-октябрда асманды ала булут каптап, күн ортосунда жана кечкисин суук болуп, жаан жаайт. Бейшембиде түнкүсүн… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Түлөбаевдин аталган орундан кетүү чарасы башка кызматка бекитилип жатканына байланыштуу. Эми анын милдетин орун басары Элчибек Жантаев аткарат. Эске салсак, буга чейин 6-октябрда дагы Түлөбаев кызматтан кетүү арызын жазган. Бирок премьер-министр арызын… Кененирээк…

Президенттик шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү 15-декабрда башталат

Президенттик шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү 15-декабрда башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, үгүт кампаниясы 8-январга чейин созулат. 9-декабрда тынчтык күнү болот. Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Добуш берүү өлкө башчы отставкага кеткенден кийин… Кененирээк…

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан 420 адам айыгып чыкты

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан 420 адам айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына туура келет. Ушуну менен вирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 47 миң 843тү түздү.

Бишкекте “Семетей” ооруканасында калыбына келтирүү иштери аягына чыгып калды

Бишкекте “Семетей” ооруканасында калыбына келтирүү иштери аягына чыгып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анда 50 орундуу жандандыруу бөлүмү уюштурулду. Андан тышкары, имараттын ичи тышы жаңыланып, электр энергиясы өткөрүлдү. Учурда объектини жылуулук менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды сатып алуу иштери аткарылып жатат.

377 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку кошумча каражат төлөнүп берилди

377 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку кошумча каражат төлөнүп берилди. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, каза тапкан 27 медицина кызматкерлеринин жакындарына 1 миллион сомдон акчалай компенсация берилди. Кошумча каражат алуу үчүн жалпысынан 2 миңге жакын документ келип түшкөн. Министр белгилегендей, сентябрь айында… Кененирээк…

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзала түндө катталды. Жер силкинүүнүн күчү Ош облусунун аймагында очогунда 4 баллга чейин жетти. Андан тышкары, жердин титирөөсү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча зилзаладан жабыркагандар жана… Кененирээк…

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини жеңгенден кийин 6 миллион доллар гонорар алды

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини жеңгенден кийин 6 миллион доллар гонорар алды. The Sports Daily билдиргендей, Хабибге андан тышкары мыкты беттеш тартуулаганы үчүн 50 миң доллар бонус катары берилди. Ал эми 40 миң доллар UFC боюнча иш-чараларга катышканы үчүн ыйгарылды. Бул суммага акы төлөнгөн жеке берүүлөр… Кененирээк…