Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктады

Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктады. Спортчу мындай чечимин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн Жастин Гэтжини жеңип алгандан кийин жарыялады. Жолугушуу Абу-Дабиде өттү. Нурмагомедов беттештин 2-бөлүгүндө атаандашын «үчбурчтук» ыкмасы менен утуп алды. Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында жалпысынан 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишти камсыздады.… Кененирээк…

Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөө күчүндө

Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөө күчүндө. Бирок кечки саат 8ден таңкы 6га чейин гана, -дешти novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан. Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилди жана ал аба-ырайы турукташканга чейин сакталат. Милициядан белгилешкендей,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджерине Face ID функциясы ишке киргизилет

WhatsApp мессенджерине жакында гаджеттин ээсинин бетинен тааныган жаңы функция ишке киргизилет. BetaInfo порталы билдиргендей, Android системасынын колдонмолорунун бета-версияларынын биринин жашыруун кодунда жүздү сканерлөө бар. Мындай опция буга чейин Face ID датчиги бар iOS версиясынын к олдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү болчу. Жаңы функция качан чыгары азырынча айтыла… Кененирээк…

Бишкекте Эркиндик гүлбагындагы жыгачтан жасалган скульптураны вандалдар өрттөп кетишти

Бишкекте Эркиндик гүлбагындагы жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазды.  Эске салсак, буга чейин да ордо калаадагы “Театралдык” эс алуу багындагы пианинону вандалдар эки ирет талкалап кетишкен.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү түйүнүн калыбына келтирүү иштери уланууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү түйүнүн калыбына келтирүү иштери уланууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жумуштардын жүрүшүндө административдик блок кеңейтилип, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай пайда болот. Түйүндү калыбына келтирүү иштери ушул жылдын декабрь айында бүтүрүү пландалууда. Иштерге каражат республикалык… Кененирээк…

UFC Хабиб Нурмагомедовго гонорарынан сырткары бонус берет

UFC россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Анын суммасы 50 миң доллар. Эске салсак,  кечээ Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды.

Бишкектин кээ бир аймактарында электр энергиясына чектөөлөр киргизилет

Бишкектин кээ бир аймактарында электр энергиясына чектөөлөр киргизилет. “Түндүк электр2 ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн кечки саат 6га чейин Москва, Сагынбай Манасчы, Койбагаров, Лелинградский, Кийизбаев, Шакиров, Субанбердиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Көлмө, Мурас-Ордо, Ала-Тоо, Дордой 2, Ак-Босого жана Кара-Жыгач конуштарында жарык жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Учурда ал жердеги иштер токтотулуп эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат – дешти чек ара кызматынан. Эске салсак, кечээ Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары суу түтүктөрүн орнотуп жатышкан. Кыргызстандык чек ара кызматкерлери эскертүү берип, натыйжа… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, өлкө башчы отставкага кеткенден кийин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 3 айдын ичинде өтүшү керек. Анын мөөнөтүн парламент жарыялашы керек болчу. Бирок, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш бир жуманын аралыгында чечим… Кененирээк…