Ош облусунда жер титиреди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзала түндө катталды.
Жер силкинүүнүн күчү Ош облусунун аймагында очогунда 4 баллга чейин жетти.
Андан тышкары, жердин титирөөсү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл,
Нура айылында 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча
зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок