Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетти.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Түлөбаевдин аталган орундан кетүү чарасы

башка кызматка бекитилип жатканына байланыштуу. Эми анын милдетин орун басары

Элчибек Жантаев аткарат. Эске салсак, буга чейин 6-октябрда дагы Түлөбаев кызматтан

кетүү арызын жазган. Бирок премьер-министр арызын кабыл алган эмес.