Бишкекте бул жумада аба-ырайы өзгөрмө болот.
Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн жана эртең ордо калаада
+20 градуска чейин жылыйт. Түнкүсүн термометр мамычалары +10 градустун
тегерегинде болот. Бирок шаршембиден тартып аба-ырайы сууктайт. 28-октябрда
асманды ала булут каптап, күн ортосунда жана кечкисин суук болуп, жаан жаайт.
Бейшембиде түнкүсүн суук болушу күтүлөт, күндүз абанын табы +5 градустан жогору болбойт.
Бирок жумадан тартып кайрадан күн чыгат жана термометр мамычалары өйдө көтөрүлө баштайт.