Бийликте кадрдык алмашуулар жүрүп жатат

Бийликте кадрдык алмашуулар жүрүп жатат. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, вице-премьер Аида Исмаилова  кызматтан бошотулду. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да ээлеген ордунан кетти. Алар кызматтан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазышкан. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу кол койду.

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Алмаз Мамбетов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, үстүбүздөгү жылдын февралында иштен алынган. Ага чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматын… Кененирээк…