2021-жылдан тартып ЕАЭБ аймагынан мигранттар жумуш таба ала турган тиркеме ишке киргизилет

2021-жылдан тартып ЕАЭБ аймагынан мигранттар жумуш таба ала турган тиркеме ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Михаил Мишустинге таянуу менен  РИА Новости билдирет. Мобилдик тиркеме аркылуу орус тилинде сүйлөгөн биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандары Россияга ишке тартылат. Белгилеп кетсек, Евразиялык экономикалык комиссия быйыл «Работа без границ» аталышындагы порталды ишке… Кененирээк…

Сауд Аравия кичи ажылыкка уруксат берген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды киргизген жок

Сауд Аравия кичи ажылыкка уруксат берген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды киргизген жок. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстан азырынча кирүүгө уруксат берилбеген “сары” категориядагы 20 өлкөнүн ичине кирет. Ал эми башка 50 мамлекет такыр такыр кирүүгө тыюу салынган “кызыл” категорияда. Алар Россия, Украина,… Кененирээк…

Казакстанда карантиндик чектөөлөр алына баштады

Казакстанда карантиндик чектөөлөр алына баштады. 16-ноябрдан баштап, экинчи чейректе окуучуларынын саны  300дөн ашпаган мектептер салттуу форматта окууга өтөт. Ошондой эле 2-ноябрдан тартып, залда көрүүчүлөрдүн саны 100дөн ашпаган шартта театрларга иштөөгө уруксаат берилди. Буга катар ушул эле күндөн тартып мечиттерде жамаат менен намаз окуса болот. Белгилеп… Кененирээк…

Чүй облусунда дагы бир оорукана оңдоп-түзөөдөн өтөт

Чүй облусунда дагы бир оорукана оңдоп-түзөөдөн өтөт. Кеп, Жайыл райондук бириктирилген аймактык ооруканасы тууралуу болуп жатат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, иштерге 11 миллион 835 миң сом сарпталары пландалууда. Эске салсак, буга чейин Токмок шаардык аймактык бириктирилген ооруканасын калыбына келтирүүгө тендер жарыяланган. Ага 12 миллион… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тартып 10 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калышы ыктымал

Бишкекте эртеңден тартып 10 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калышы ыктымал. “Түндүк электр” ишканасынан эскертишкендей, карызы бар керектөөчүлөрдүн электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт. Андыктан, карызы бар жарандар бүгүнтөн калбай электрондук капчык, терминал жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү керек.

Ош облусунун райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр муктаждык болсо дагы узартылат

Ош облусунун райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр муктаждык болсо дагы узартылат. Кеп, Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондору тууралуу болуп жатат. Ошондой эле 7 райондун кире беришине санитардык түйүндөр орнотулду. novosti.kgге Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта Райондук штабдын чечими менен той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана… Кененирээк…

Россияда эң кымбат видеоблогерлердин рейтинги жарыяланды

Россияда эң кымбат видеоблогерлердин рейтинги жарыяланды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча, биринчи сапта “Андан кийин эмне болду?” шоу программасын негиздөөчүлөр турат. Басылманын эсептөөлөрү боюнча, долбоордун авторлору жарнамадан 3,5 миллион доллар табышты. Рейтингдин экинчи орунунун электрондук техникалар боюнча YouTube-каналынын автору Валентин Петухов камсыздады. Үчүнчүдө Александр Гудков аттуу… Кененирээк…

Россияда пандемияга байланыштуу бүгүнтөн тартып беткап тагынуу режими киргизилди

Россияда пандемияга байланыштуу бүгүнтөн тартып беткап тагынуу режими киргизилди. Эми адамдар көп чогулган жерлерде коргонуу каражатын тагынуу талап кылынат. Эреже коомдук унааларга гана эмес, унаа токтотуучу жайларга жана лифттерге да тиешелүү. Ошондой эле Адам укутарын когоо боюнча көзөмөл кызматы Россия боюнча түнкү ресторан жана көңүл… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 6га чейин Салиева, Западная, Кольцевая, Медеров, Юнусалиев, Бектенов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого жана Ак-Ордо конуштарында электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Кыргызстанда окуучуларга монитор жана смартфон экранынан бир жумага эс алуу убактысы келет

Кыргызстанда окуучуларга монитор жана смартфон экранынан бир жумага эс алуу убактысы келет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 2-ноябрдан тартып окуучуларга күзгү каникул башталат. Эс алуу 9-ноябрга чейин созулат. Бирок, 9-10-ноябрь өлкөдө дем алыш күн деп жарыялангандыктан, балдар сабактарга 11-ноябрда кайтышы ыктымал. Билим берүү экинчи чейректе онлайн… Кененирээк…