Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  Тиешелүү жарлыкка президенттин

милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Алмаз Мамбетов буга чейин Мамлекеттик

каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, үстүбүздөгү жылдын февралында иштен алынган.

Ага чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалаган.