Бийликте кадрдык алмашуулар жүрүп жатат

Бийликте кадрдык алмашуулар жүрүп жатат.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, вице-премьер Аида Исмаилова  кызматтан бошотулду.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да ээлеген ордунан кетти.

Алар кызматтан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазышкан.

Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу кол койду.